Кызматына жаңы киришкен Оштун мэри жолдорду кардан тазалоо иштерин текшерүүгө катышты. Калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев «Тазалык» ишканасынын унаасына түшүп, тазалоо иштерине күбө болду.
Шаар тургундары коммуналдык кызматтардын ишине нааразы болбошу керектигин айткан мэр «Уктамай жок, таптаза кылып тазалап, анан үйлөргө тарамай. Эртең менен саат 7ге кайрадан жумушка» деди.
Ош шаарындагы жолдорду кардан тазалоо иштерин «Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты», «Ош-Тазалык», «Ош асфальт сервис» муниципалдык ишканалары жана ДЭП-21 ишканасы жүргүзөт.