Лос-Анджелес шаарында уланып жаткан башаламандыктарга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттардын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын коопсуздукту камсыздоо максатында күчөтүлгөн сактык чараларын көрүүгө чакырды.
Жеке коопсуздукту камсыздоо үчүн төмөнкү эрежелерди кармануу сунушталат:
• башаламандыктар катталган же болушу ыктымал болгон райондорго барбоо;
• эл көп чогулган жерлерге баруудан кармануу;
• митингдерге, демонстрацияларга жана башка массалык иш-чараларга катышпоо.
Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарын кармоо учурлары катталган эмес.
Өзгөчө кырдаалдар жаралган маалда Чикаго шаарындагы Башкы консулдугуна төмөнкү «ыкчам байланыш» телефондору аркылуу кайрылса болот: (312) 929 34 42; +1 (312) 994 24 16.