Дүйшөмбү, 16.02.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Мамлекеттик лизинг компаниясында жүргөн аудитте кандай жыйынтык чыкты? Эсептөө палатасынын маалыматы

17:33 03.06.2025
0
Мамлекеттик лизинг компаниясында жүргөн аудитте кандай жыйынтык чыкты? Эсептөө палатасынын маалыматы

Бүгүн, 3-июнда Эсептөө палатасы тарабынан “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коомунун 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнө карата жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы жөнүндө аудитор Алимжан Байгазаков баяндады. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Аудиттин жүрүшүндө Коомдун ишинде бир катар мыйзам бузуулар жана ички регламенттердин талаптарын аткарбоо фактылары аныкталды. Тактап айтканда, Коомго лизинг ишин жүргүзүүгө расмий уруксат берүүчү лицензия 2024-жылдын 16-декабрында гана берилген. Бирок ушул күнгө чейин эле Коом лизингдик операцияларды жүргүзө баштаганы тастыкталды. Атап айтканда, 2024-жылдын 28-ноябрында жана 12-декабрында түзүлгөн кабыл алуу жана өткөрүп берүү актыларынын негизинде жалпы суммасы 37,4 миллион сомду түзгөн айыл чарба техникалары жана шаймандары лизингге берилген. Бул сумма жеке ишкер М.М.Алиев тарабынан 10% өлчөмүндөгү өздүк салым — 293,4 миң сом менен, ал эми калган 37,1 миллион сом түздөн-түз Коом тарабынан каржыланган каражаттардын эсебинен жабылган. Мындай аракет “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамдын талаптарына каршы келет жана Коомдун лицензия алууга чейинки мезгилде мыйзамсыз иш жүргүзгөнүн айгинелейт.

Мындан тышкары, аудиттин жүрүшүндө “Кыргыз асыл тукум заводу” мамлекеттик ишканасына карата түзүлгөн лизингдик досьеде кемчиликтер орун алгандыгы аныкталды. Тактап айтканда, аталган лизинг алуучунун досьесине 2022-2024-жылдарга карата финансылык отчеттор тиркелген эмес. Бул жагдай Коомдун “Юридикалык жактар үчүн талап кылынган документтердин тизмеги” аттуу ички документинде каралган талаптарга жооп бербейт жана лизинг алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүн объективдүү баалоого тоскоолдук жаратат. Ошондой эле, аталган документ өзү дагы Коомдун Башкармалыгы тарабынан расмий түрдө бекитилген эмес, бул ички башкаруу жана көзөмөл чөйрөсүндө так эместиктер бар экендигин көрсөтөт.

Аудиттин жыйынтыгында Эсептөө палатасы тарабынан бир катар сунуштар берилди. Коомдун мындан аркы ишмердүүлүгүндө лицензиялык талаптар толук сакталып, лизингдик досьелерди түзүүдө ички ченемдик актыларга так таяныш керектиги белгиленди. Ошондой эле, бардык талап кылынган документтерди ыйгарым укуктуу тартипте чогултуу жана тартипке салуу, ички регламенттерди расмий бекитип, бардык кызматкерлер тарабынан жетекчиликке алынуусу зарыл экени көрсөтүлдү. Эсептөө палатасы тарабынан мыйзам бузуу фактыларына жана катталган кемчиликтерге байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдарга маалыматтар жөнөтүлүп, Коомдун ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү сунушу берилди.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Камчыбек Ташиев Бишкекке учуп келди

Камчыбек Ташиев Бишкекке учуп келди

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:21 13.02.2026
0

Бүгүн, 13-февралда УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди Бишкекке учуп келди. 10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун...

Бишкекте авария катталган учурдан тартып шаар тургундарына жылуулук берүү токтотулган жок

Бишкекте авария катталган учурдан тартып шаар тургундарына жылуулук берүү токтотулган жок

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:48 12.02.2026
0

7-Апрель көчөсүндө (Медеров жана Ахунбаев көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде) диаметри 900 мм болгон жылуулук түтүгүндө авариялык мүчүлүштүк катталган. Аварияны жоюу максатында...

«Бишкек жылуулук тармагы» 7-Апрель көчөсүндөгү аварияны жоюуда

«Бишкек жылуулук тармагы» 7-Апрель көчөсүндөгү аварияны жоюуда

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:47 12.02.2026
0

7-Апрель көчөсүндө Медеров жана Ахунбаев көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде жылуулук тармагында авария катталганына байланыштуу «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы тарабынан оңдоо-калыбына...

#Күнсереп: Жогорку Кеңештин төрагасы Маматалиев болобу?

#Күнсереп: Жогорку Кеңештин төрагасы Маматалиев болобу?

Автор Эдита Ильясова
12:30 12.02.2026
0

Бүгүн, 12-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу буга чейин айтылып жаткан кептерге чекит койду. Ал бир же эки...

№13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды

№13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:11 10.02.2026
0

Кечээ, 9-февралда №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. «Кыргыз Республикасынын Президентин...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
« Янв    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү