Эски асфальтты сүрүү иштери жүрүп, курулуш таштандылары чыгарылууда. Жолдун эки тарабына тротуар, ирригациялык системалар курулуп жатат. Учурда жер кыртышын толтуруу жана пайдубалын даярдоо иштери жүрүп жатат. Чыңгыз Айтматов проспектисинин жээгиндеги тротуарда бригада бордюрду даярдоону жана аларды орнотууну аяктады. Бүгүнкү күндө узундугу 400 погон метр, туурасы 3 метрди түзгөн тротуардын негизин даярдоо иштери жүрүп жатат.
Апрелде кене чаккан учурлар көбөйдү — 41 адам кайрылды
1-апрелден 13-апрелге чейин кене чаккандан кийин жугуштуу оорулар ооруканасына 41 адам кайрылды, алардын ичинен 21и бала. Бир бала ооруканага жаткырылды,...











