Депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жыйында өлкөдө жаңы криптовалюталардын жана каржы пирамидаларынын санынын көбөйгөнүн айтты. Ал жарандарды алдамчылыктан коргоо үчүн тиешелүү органдардын алдын ала көзөмөлгө алуу зарылдыгы тууралуу маселени көтөрдү.
«Биз шылуундар менен күрөшүп келебиз. Бирок дээрлик көп учурда алдап, качып кеткенден кийин күрөшөбүз. Азыр 3-4 жаңы ачылган түшүнүксүз криптовалютачылар пайда болуптур. MC Coin, Шерине дейт, дагы бир топ ачылыптыр. Бул жаңы тренд экен, модага айланып жатыптыр. Элди сыздата электе, алдын алсак… Улуттук банкка, ИИМге тапшырмаларды берип койсоңуз. Алар текшере беришсин», — деди Маматалиев.