Кечээ, 9-май күнү Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Сахаба эс алуу жайында болуп жаткан алыш күрөштө эки спортчунун ортосунда чыр чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө Ноокат районунун Гулистан айыл аймагынын тургуну 1999-жылы туулган М.С. менен анын каршылашы 1999-жылы туулган А.М.нын тарапташтарынын ортосунда чыр чыккандыгы маалым болгон. Аталган факты боюнча эки тарап арыз жазуудан баш тартышкан.
ИИМ маалымат таратып, мелдеште эки күрөшчүнүн ортосунда пикир келишпестик пайда болгонун, көрүүчүлөрдүн саны көп болуп, арасынан ортого чуркап чыгышкандар болгонун билдирди.
«Бул көрүнүш көрүүчүлөр тарабынан көп сандаган видеолорго тартылып алынып, маалымат каражаттарына массалык мушташ болду деп таратылып кетти. Аталган мелдеште эч кандай массалык мушташ болгон жок, ошондой эле бир дагы жаран жаракат алган жок. Бул окуя каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта.