Кара-Буура милициясы жансыз денеси табылган жарандын аты-жөнүн тактоого коомчулуктан жардам сурайт.
4-сентябрь күнү Кара-Буура аймактык ооруканасынан милицияга билдирүү түшкөн. Анда медайым 1985-жылы туулган Тагдыр аттуу жарандын жансыз денеси ооруканага түшкөндүгүн билдирген. Аталган билдирүү катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Кара-Буура РИИБдин ыкчам тергөө тобу маркум Тагдыр аттуу жарандын убактылуу жашап жаткан, Чымгент айылынын түштүк тарабында жайгашкан Кызыл-Өтүк аталышындагы жерде орун алган мал сарайга кароо жүргүзүлгөн. Жансыз денеге сырткы кароо жүргүзгөн учурда, анын денесинде эч кандай зордук-зомбулуктун жана кандайдыр бир жаракаттын белгилери жок экендиги аныкталган.
Маркум Тагдыр аттуу жарандын боюнун узундугу 175 сантиметр, дене түзүлүшү-орто, болжолдуу менен 35-42 жаш курагында, чачы кара түстө, сакалы кара түстө, тиштери бүтүн абалда (алтын, күмүш, салынма тиштери жок), денесинде эч кандай сүрөт, тырык жана жаракаттан калган издер аныкталган жок.
«Ал малчы болуп 2019-жылдын күз мезгилинен бери жалданып иштеп жүргөн. »Мен Кудайдын баласымын, ата-энемди тааныбайм, көргөн дагы эмесмин» деп жооп берип койчу. Жогорудагы табылган адамдын аты-жөнүн тактоо максатында тиешелүү органдарга багыттамалар жөнөтүлгөн. Ыкчам издөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат. Сүрөттөгү адамды тааныган билген адамдар болсо аймактык милиция бөлүмүнө (102) билдирүүгө чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.