Ошондой эле Жеңишбек Токторбаев жашоочулар менен жолугуп, президент Садыр Жапаров мэрге толук абалды көзөмөлгө алып, тиешелүү тапшырмаларды бергенин билдирди. Ага ылайык өрт кесепетинен күйгөн үйдүн чатырын жана батирлерди мэриянын эсебинен бүткөрүп берилерин кошумчалады.
«Мага президентибиз Садыр Нургожоевич күйүп кеткен үйдүн чатырын, жабыркаган батирлерди толук калыбына келтирип, жеке көзөмөлүңө ал деп тапшырманы берди. Баарын мэриянын эсебинен бүткөрүп берем. Кыжаалат болбоңуздар, башкысы жашоочулар аман», — деди ал.










