Борбор калаанын «Ала-Тоо» аянтында жайгашкан «Айкөл Манас» монументин реконструкциялоо иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
- Монументтин постаментинин толугу менен жаңыланат;
- Жер төлөө бөлүгүнүн конструкциялары бекемделет;
Реконструкция иштери бекитилген долбоорго жана техникалык талаптарга ылайык жүргүзүлөт. Бардык этаптар архитектуралык нормалардын негизинде ишке ашып, «Айкөл Манас» монументин улуттук мурас катары маданий маанисин сактоого өзгөчө көңүл бурулат. Манастын эстелиги рекострукциялоо учурунда сактоого өткөрүлүп берилет.