Бишкектеги бардык мектептер текшерилип, шектүү буюмдар табылган жок. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Борбордук милиция кызматкерлери тарабынан окуучуларды коркутуп-үркүтүүгө шектелген эркек кишинин өздүгү аныкталды. Ал — 2005-жылдын 23-октябрында туулган, издөөдө жүргөн Украинанын жараны Овсюк Ярослав Михайлович болуп чыккан.
Овсюк Я.М.ге карата телефондук терроризм фактысы боюнча Орусиянын Ички иштер министрлиги тарабынан эл аралык издөө жарыяланган.











