Министрлик Орусияда кыргызстандык кыздын 6 жылдан бери зордукталып келгени тууралуу маалыматты тактап жатат

Кечээ, 30-майда Орус маалымат каражаттары Санкт-Петербургда кыргызстандык өгөй кызын 6 жылдан бери зордуктап жүргөн деп шектелип жатканын жазып чыгышты. Окуя боюнча ТИМден маалымат беришип, маселе Консулдук кызмат департаментинин көзөмөлүндө экенин билдиришти.

«Элчиликтин Канцеляриясы тарабынан Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Санкт-Петербургдагы өкүлчүлүгүнө Санкт-Петербург шаарынын укук коргоо органдары, камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдары, ошондой эле Санкт-Петербург шаарындагы Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берүү өтүнүчү менен нота жөнөтүлдү. Бул маселе Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин көзөмөлүндө»,- деп айтылат маалыматта.