Сиздерди кирип келген Орозо айыңыздар менен куттуктайбыз. Кармаган орозоңуздар кабыл болсун!
Орозодо эмне кылууга болот жана болбойт деген теманын алкагында Бишкек шаарындагы “Махмуд Кашгари” атындагы мечиттин имамы Ильяз Абдувалиев менен маектешип суроолорубузга жооп алдык. Ал намаз окуп орозо кармаган адам менен намаз окубай орозо кармаган адамдын айырмасын түшүндүрүп берди.
«Намаз өзүнчө өкүм. Орозо өзүнчө өкүм. Экөөндө тең биринчи шарт ыймандуу болушу керек. Намазы жок орозо кармаса, орозосу кабыл болот, бирок намазды жогорку коюш керек. Мисалы, тузу жок тамак жасай бересиң, жесең тоёсуң, бирок даамы жок. Намаз бул өтө чоң өкүм. Намаз окубаганды орозо кармаба дегенге болбойт»,- деди ал.








