Ат-Башы районунун Арпа, Ак-Сай өрөөндөрүндө учурда абал туруктуу. Кечээ, 2-июнда ӨКМдин Нарын башкармалыгынын куткаруучулары өздөрү менен чөп жүктөй барып, малчылардан кайрадан кабар алышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
1500дөй кой менен жайлоого чыккан чабан аба ырайы катаалдагандыктан 1-июнда малы менен ылдый түшкөн. Бул күнү жайлоодо калып калган чабандардан кабар алып, ӨКМдин Нарын башкармалыгынын куткаруучулары жардам беришкен.
«Арпада кардын калыңдыгы 20-25, Кында ашуусунда, Ак-Сайда 15 сантиметр кар түштү. Абал туруктуу жана тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө. Бул өрөөндөрдө чабандар менен байланыш бар. Тоютсуз калган малга мал ээлери тоют жеткирип, Казыбек жана Кара-Суу айыл өкмөттөрү техникадан жана күйүүчү майдан жардам берип жатышат»,- деп айтылат маалыматта.