Бүгүн, 9-май күнү Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Сахаба эс алуу жайында болуп жаткан алыш күрөштө эки спортчунун ортосунда чыр чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө Ноокат районунун Гулистан айыл аймагынын тургуну 1999-жылы туулган М.С. менен анын каршылашы 1999-жылы туулган А.М.нын тарапташтарынын ортосунда чыр чыккандыгы маалым болгон.
Коопсуздукту күзөтүп турган милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, чогулгандарды таратышкан. Аталган факты боюнча эки тарап арыз жазуудан баш тартышкан.