ӨКМ социалдык тармактарда тарап жаткан Жумгалдагы жер көчкү тууралуу маалымат берди.
“Нарындын Жумгал районундагы Миң-Куш айыл аймагына караштуу Дүңгүрөмө айылындагы Как тилкесинде «Минерал Прайм» ишканасынын көмүр казып чыгаруу карьеринде жер көчкү жүргөн. Жер көчкүнүн көлөмү болжолдуу 1 миллион кубга жеткен.
ӨКМдин Жумгал райондук бөлүмүнөн ыкчам топ жеринде болуп, адам өмүрүнө жана техникаларга зыян келбегенин такташты.
Аталган карьерде коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан көмүр кенин казуу ӨКМ тарабынан убактылуу токтотулду”,- деп айтылат маалыматта.
Жогору жаткан тепкич тепкич кылып жерде алып, көмүргө жетүү керек.