Бүгүн, 11-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Республикалык адистештирилген комбинаты мамлекеттик мекемесине радиоактивдүү заттарды ташууга багытталган ISUZU NQR 90 L үлгүсүндөгү адистештирилген атайын унаасы тапшырылды.
Жүк көтөрүмдүүлүгү 5 тоннаны түзгөн бул унаа радиоактивдүү калдыктарды атайын контейнерде ташуу үчүн колдонулуп, зыяндуу заттарды коопсуз алып өтүүдө зарыл элементтер менен жабдылган. Эми радиоактивдүү материалдарды, медицина тармагындагы химиялык зыяндуу заттарды ташып-көмүүдө белгиленген талаптардын аткарылышын камсыз болот. Мындан сырткары уран калдыктарын жоюу иш аракеттеринин жүрүшүндө керектелет.
Аталган техника Кыргызстанга Атомдук Энергия боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ) аркылуу АКШнын Энергетика министрлиги тарабынан гуманитардык жардам катары келген.