Курулуш тармагында туруктуулукту камсыз кылуу жана өсүштүн жогорку темптерин сактоо максатында Министрлер кабинети мурда бекитилген документке өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтом кабыл алды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон жаңы токтомдо Кыргыз Республикасына цементти ташып келүүгө коюлган убактылуу чектөө алып салынды.
«Бул чечим курулуш материалдарына өсүп жаткан суроо-талапты канааттандырууга жана курулуш объектилеринин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга багытталган. Бул болсо өз кезегинде республиканын экономикасын мындан ары өнүктүрүүгө шарт түзөт. Цементтин импортуна убактылуу тыюунун алынышы рынокто сергек атаандаштыкты колдоого, тартыштыкты алдын алууга жана курулуш материалдарына болгон бааны турукташтырат»,- деп айтылат маалыматта.










