УКМК мурда оор кылмыштар жасап кылмыш жообуна тартылгандарды кармады. Алар Камчы Көлбаевдин жакындарынын колдоосуна ээ болушуп, Орусиядагы кыргызстандыктарды опузалап акча талап кылып келишкени аныкталган.
Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
УКМК бул адамдардын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды төмөнкү телефон номурлары аркылуу кайрылууну суранат: 0 (3722) 5-60-49, 0995 01-22-10.






