Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-февралда, “Ош” эл аралык аэропортунун жаңы аэробекет комплексинин курулушуна мезгил кутусун салды. Бул тууралуу Президенттин администрациясынан билдиришти.
Бул масштабдуу долбоор Кыргызстандын түштүгүндөгү авиация инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам. Анын өткөрүү мүмкүнчүлүгү жылына 5 миллиондон ашык жүргүнчүнү түзөт. Бул жаңы аэробекет 2 кабат, жер төлөсү менен курулат. Жалпы аянты 25 443 чарчы метрди түзөт.
Жаңы терминалын долбоорлоодо жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жүрүүгө бардык шарттар эске алынган – кенен зал, заманбап каттоо жайлары, фуд-корт, эс алуу зоналары, автоматташтырылган 650 орундуу унаа токтотуучу жай жана башкалар.
Мындан тышкары өнүктүрүү долбоорунда перронду кеңейтүү менен бирге учактарды токтотуучу жайлардын санын 25 көбөйтүү каралган.
“Аймактарда аэропорттордун инфратүзүмдөрү жаңыланып, маршруттук каттамдар кеңейүүдө. Ошол эле учурда авиация тармагынын ишмердүүлүгүнүн бир катар багыттары жигердүү өнүгүүгө бет алды. Биз Кыргызстандын авиация тармагынын кайра жаралышына күбө болуп жатабыз”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.
Буга чейин «Каракол» эл аралык аэропорту жана «Талас» аэропорту ишке киргизилип, «Жалал-Абад», «Караван», «Казарман», “Баткен” аэропортторунда учуп-конуу тилкелери капиталдык ремонттон өткөрүлдү. «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту менен «Нарын» аэропортун оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат, ал эми Жалал-Абад шаарында жаңы аэропорттун курулушу башталат. Мамлекеттин учак паркына эки Bombardier Dash – 8-400 аба кемеси сатылып алынган эле, эми быйыл дагы жаңы эки учак менен толукталат.
Өлкө башчысы жаңы аэробекет комплексинин долбоору Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыкканын белгиледи. Курулуштун башкы подрядчысы катары “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы иш алып бармакчы. Долбоорду каржылоо “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун өз каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.