Бүгүн, 9-май күнү Оштогу борбордук аянтта Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.
Майрамдык иш-чара Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик парад менен башталды. Салтанатта шаар мэри Жеңишбек Токторбаев сөз сүйлөп, Улуу Жеңишти жакындаткан ардагерлердин эрдиги – кайраттуулуктун жана мекенге болгон берилүүнүн даңазалуу үлгүсү экенин белгилеп, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Андан кийин Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган театрлаштырылган маданий концерттик программа тартууланып, соңунда “Өлбөс полктун” жүрүшү өттү.
Улуу Ата Мекендик согушка Ош шаарынан 14 621 адам аттанган. Алардын ичинен 3 118 жоокер курман болуп, 401и дайынсыз жоголгон. Бүгүнкү күндө шаарда тылдагы эмгектин 4 ардагери жашайт.