23-августта Ош шаарынын Учар айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Арызда анын сиңдиси 1982-жылы туулган Бопоева Мээримгүл Шаматовна 14-август күнү саат 23:00 чамасында үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканы айтылган. Аталган факты катталып, текшерүү иштерин жүрүгүзүлүп жатат.
Өзгөчө белгилери: бою 170-175 сантиметр, арык чырай, ак жүздүү, чачын ак баскан.
Кийген кийимдери: кара түстөгү узун көйнөк, жайкы кызыл түстөгү бут кийим.
Эгерде сүрөттөгү адам тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, (03222) 6-27-57, 0559-99-90-72 номурларына чалсаңар болот.