20-июнь күнү кечке маал Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүнүн №262, 264, 266 даректеринде курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйүнүн жер казуу иштери жүрүп жаткан учурда мүчүлүштүктөр жаралып, жөө адамдар басуучу жол оюлуп калган. Ошол күнү түнгө карабастан тиешелүү кызматкерлер тартылып, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
21-июнь күнү Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош облусундагы башкармалыгы тарабынан атайын чаралар көрүлүп, жөө өтмөк калыбына келтирилген. Ал эми “Жеңиш Строй” курулуш компаниясына айып пул салынып, курулуш иши убактылуу токтотулду.
Посмотреть эту публикацию в Instagram