Ош шаардык кеңешине шайлоого катышкан жети партия шайлоонун жүрүшүнө жана жыйынтыгына нааразы болуп, президентке кайрылуу жолдоду.
“Улуттар биримдиги”, “Ишеним”, “Улуу Журт”, “Республика”, “Бир Бол”, “Тилектештик” жана “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиялары шайлоо ыплас өттү деп эсептешет. Алар Ош мэриясы мыйзам бузууга барды деп мэр Таалайбек Сарыбашовдун жоопкерчилигин карап чыгууну талап кылышууда.
11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Ош шаардык кеңешине тогуз партия ат салышкан. Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн тогуз партиядан 702 талапкер катталган. Шайлоонун баштапкы жыйынтыгы менен төрт партия 7 пайыздык чектен ашты. «Ата-Журт Кыргызстан» 48,8 пайыз, «Улуттар Биримдиги» 18 пайыз, «Ыйман Нуру» 8,1 пайыз, «Ынтымак» 7.5 пайыз добуш алды. Мыйзамга ылайык, бул партиялар босого чектен өттү жана мандаттар ушулардын арасында бөлүштүрүлөт.
Бирок жеңишке жеткен «Улуттар Биримдиги» партиясы жана 7 пайыздык босого чекке жетпей калган «Республика», «Бүтүн Кыргызстан», «Ишеним», «Улуу Журт» жана «Бир Бол» партиялары добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялашкан.