Оштогу бала бакча мамлекетке кайтарылды

Оштогу Көкүм-Бий көчөсүндөгү мыйзамсыз менчиктештирилген №18 бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

«Азыркы учурда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, 280 орундуу бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Анын алкагында бала бакчанын чатырын алмаштыруу, ички бөлмөлөрдү жасалгалоо, балдар ойноочу аянтчаларын куруу иштери жүрөт. Аталган №18 бала бакча 1998-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталган»,- деп айтылат маалыматта.