Ак-Ордо конушунда болгон адам өлтүрүү фактысы боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу президенттик администрациясынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жазды.
«Соцтармакта “бул жаш эле бала экен, кантип эле өлтүрүп койсун?” деген пикирлер жазылып жатат. Азыр 21-кылым, Ички иштер министрлигинин техникалык базасы жана “Коопсуз шаар” системасынын мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү өнүккөн. Бүт жерде камералар бар.
Мындан тышкары кылмышкерлерди табуунун ыкмалары көп, аны ачыктабай эле коеюн. Кылмышка шектүү боюнча толук маалыматтар, фактылар чогултулуп, кылмыш кылуунун максаттары боюнча так аныкталды. Тергөө жүрүп жатат. Ал тургай, эки адамды өлтүрүүгө шектелип кармалган баланын атасы боюнча дагы маалыматтар келип түштү.
Шектүүнүн атасы мурда эки жолу соттолгон экен. Уюшкан кылмыш тобунун жетекчилеринин бири, “Дөө Чыңгыздын” уюшкан кылмыш тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМде каттоодо турган. Кийин, “Дөө Чыңгыздын” акыркы сапарга узатуусунда дагы катышкан.
Андыктан, кылмышка шектүүнүн жаш курагын эске алып, “окшошпой жатат, башканы эле кармап алдыңар” деген талкууларга чекит коелу. Милиция өз ишин кылып жатат, ар бирибиз эле эксперт боло бербейли. Кылмышка шектүүнүн адам өлтүрүүгө чейинки жүргөн жерлери, видеолору, 100% тастыктаган далилдердин баары ИИМде бар. Жөн эле бир байкушту кармап алып, мойнуна илип коюу оюнчук эмес. Бул окуя резонанска айланды, ИИМ дыкат жана оперативдүү иштеди. 100 пайыз тастыктаган маалыматтарга ээ»,- деп жазды ал.






