Бүгүн, 15-апрелде Аламүдүн районундагы Пригородный айыл өкмөтүнүн имаратынын ичине аялдардын тобу кирип, алган насыяларынан улам карыздары бар экенин, талаптары аткарылбаса, өздөрүнө өрт коюшарын айтышкан эле.
Маалыматка караганда, айрымдары алган насыясын төлөй албай, үйүн алдырган. Имараттын ичине бөтөлкөлөргө куюлган бензин, газ баллонун дагы алып киришкен.
Сүйлөшүүгө кирген вице-премьер-министр Кармышаков 2 аял премьер-министр менен жолуга турганын айтты.