Салтанатка кыргыз делегациясынын мүчөлөрү, Римдин вице-мэри Пьерлуиджи Санна, Муниципалитеттин башчысы Франческа Дель Белло, ошондой эле Италияда жашаган кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү катышты. Парктын ачылышы Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы достук мамилелерди символдоштурат, ошондой эле Италияда кыргыз маданиятын жайылтууга жана маданий алмашууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Парктын ачылыш аземинин алкагында тараптар Бишкек жана Рим шаарларынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Ош шаарындагы балаты жандырылды
Бүгүн, 14-декабрда Ош шаарында жаңы жылдык балатынын оту жандырылды. Буга чейин шаардын маданият башкармалыгы быйыл борбордук аянтты, жаңы жылдык балатыны...









