Орусиянын дагы төрт шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылат. Бул туурасында «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти.
Кыргыз тарап «Норд Винт» авиакомпаниясы менен чартердик каттамдарды уюштурууга макулдашкан. Жаңы авиакаттамдар төмөнкү багыттар боюнча аткарылат:
- Казань — Бишкек — Казань;
- Нижний Новгород — Бишкек — Нижний Новгород;
- Самара — Бишкек — Самара;
- Пермь — Бишкек — Пермь;
Авиакомпания аталган шаарларга жумасына бир жолудан учуп турат.






