«Рух ордого» кирүү 500 сомдон 350 сомго арзандады

Президенттин маалымат катчысы Ысык-Көлдөгү “Рух ордо” туристтик борборуна байланыштуу маалыматты бөлүштү.

“Рух ордого” кирүү үчүн ар дайым киши башына акча алынып келгенин, ал жакка мындан 3-4 жыл мурун баргандар жакшы билишет. Ал кезде, билесиздер, аталган туристтик борборду жеке жактар иштетип келишкен. Кирүү акысы 2020-жылга чейин 400 сом болсо, андан кийин аны 500 сомго чыгарышкан. Бул сумма бүгүнкү күнгө чейин кармалып турган. “Рух ордо” мамлекеттин карамагына өтүп, документтештирүү жана башка жол-жоболору бүткөрүлүп, быйыл туристтерди жаңыдан кабыл ала баштаган. Көп өтпөй “Рух ордого” кирүү акысына (500 сомго) нааразычылыктарын да билдирип чыгышкандар болду», — деп жазылат билдирүүдө.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жарандарыбыздын руханий азыктануусуна жеткиликтүү шарт түзүү максатында бул туристтик борборго кирүү акысы 350 сомго төмөндөтүлдү.

«Акысыз эле кылып койсо болбойт беле» деген да суроолор туулушу мүмкүн. Бирок борбордогу объектилерди бапестеп карап турууга, чеке-белин көрктөндүрүп, жакшыртып турууга каражат талап кылынарын унутпашыбыз керек», — деп жазылат.