Сабырбек Жумабеков менен Садык Шер-Нияз 1-даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын травматология, ортопедия жана экстремалдык хирургия кафедрасынын башчысы Сабырбек Жумабеков 1-даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды.

Ошондой эле, режиссер, Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз 1-даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды.