Президент Садыр Жапаров 4-сентябрда “Ынтымак Ордодо” өспүрүмдөр арасында күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта (U17) байгелүү орундарды ээлеген жаш балбандар менен жолугушту.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө Эгемендик майрамын жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын салтанаттуу белгилөөнүн алдында жалпы кыргыз элине жакшынакай белек тартуулаганын айтты. Садыр Жапаров дегеле быйыл Кыргызстандын спортчулары үчүн жемиштүү жыл болгонуна баса белгилеп өттү. Парижде өткөн 33-Жайкы олимпиада оюндарында кыргызстандыктар 6 медаль утуп, кыргыз спортунун тарых барагын жаңыртышты.
“Мунун өзү — өлкөбүз үчүн чоң сыймык жана чоң жетишкендик десек болот! Акыркы жылдары кыргыз спортчулары өлкө намысын татыктуу коргоо менен көптөгөн ийгиликтерге жетишип, Кыргызстандын кызыл туусун бийик желбиретип келатышат”, — деди президент. Сөзүнүн аягында мамлекет башчысы спортчуларды ар кандай чөйрөлөргө, криминалдарга, саясий оюндарга аралашпоого чакырды.
“Мына ушул жерден жалпы Кыргызстандын жаштарына кайрылгым келет. Спорт менен машыккыла. Спорт – ден-соолуктун булагы, спорт – дүйнөнүн элчиси деп бекер айтылган эмес. Албетте, билимди да биринчи орунга койгула. Ар кандай ою жаман топторго жетеленип кетпегиле.
Кыргыздын тайманбас эр-азамат уулдары катары кыйынчылыктардын баарын жеңип, кийинки Олимпиада оюндарында кызыл байрагыбызды бийик желбиретүүгө даярданышыңарды талап кылам. Анткени силер — кыргыз спортунун келечегисиңер, кыргыз элинин үмүтүсүңөр!” – деди Садыр Жапаров алдыдагы Олимпиада оюндарында кыргыз элинин намысын коргоо менен чемпион болушун каалады.
Андан соң, мамлекет башчысы дүйнө чемпионатынын байге ээлерине жана алардын машыктыруучуларына акчалай сертификаттарды тапшырды.
Спортчуларга:
Курсантбек Исаковго — 600 миң сом;
Өмүрбек Асан уулуна — 600 миң сом;
Рустамжан Кахаровго — 600 миң сом;
Марлен Абдраимовго — 200 миң сом;
Кутман Калбаевге — 400 миң сом;
Бекжан Бейшембаевге — 200 миң сом;
Машыктыруучулар курамына:
улук машыктыруучу Азат Мирахимовго — 150 миң сом;
жеке машыктыруучу Рустам Кочаровго — 100 миң сом;
жеке машыктыруучу Абдурашит Мамасабировго — 100 миң сом;
улук машыктыруучу Дастан Муктаровго — 150 миң сом;
жеке машыктыруучу Айбек Бердалиевге — 100 миң сом;
жеке машыктыруучу Ратбек Мамбетовго — 100 миң сом.