Шейшемби, 20.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Садыр Жапаров эл аралык Адам укуктары күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады

10:10 10.12.2025
0
Садыр Жапаров эл аралык Адам укуктары күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда, кыргызстандыктарды Адам укуктары күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу мекендештер!
Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Сиздерди Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынган күнү – Адам укуктары күнү менен куттуктаймын!

1948-жылдын 10-декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан бекитилген бул документ ар бир адамдын укугу менен эркиндигин, ар-намысын жана кадыр-баркын эң жогорку баалуулук катары жарыялап, адам укуктары менен эркиндиктеринин заманбап системасынын бекем пайдубалына айланган.

Байыртадан бери эле кыргыз эли үчүн адилеттүүлүк, эркиндик, адамдын ар-намысы менен кадыр-баркы эң жогорку баалуулук болуп саналган. Ата-бабаларыбыз “Ар-намысың жоготконуң – адам деген атың жоготконуң” деп бекеринен айтышкан эмес. Демек, аталган декларациянын принциптери биздин нарк-насилибиз менен салт-санаабызга шайкеш келет.

1992-жылы БУУга кошулгандан кийин, өлкөбүз адам укуктарынын жалпы ченемдерин тааныйт жана колдойт. Ата-бабаларыбыздан бери келаткан бул баалуулуктар биздин Башмыйзамыбызда жана улуттук мыйзамдарыбызда да таасын белгиленген. Ошондуктан адам укуктары менен эркиндиги укуктук системанын өзөгүн жана жалпы мамлекеттик саясаттын пайдубалын түзүп, ал эми өлкөбүздөгү бардык мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана аларда кызмат кылган адамдар дал ошол баалуулуктарды негиз кылып, аларга таянуу менен иш жүргүзүп келе жатышат.

Биз жарандардын укуктарын коргоого, сот институттарын чыңдоого, демократиялык процесстерди өнүктүрүүгө жана сапаттуу билим берүүгө, саламаттыкты сактоого жана социалдык кызматтарга жетүүнү камсыз кылууга өзгөчө маани беребиз. Адам укуктары менен эркиндиктерин коргоону өз ара урматтоо маданияты, ар бирибиздин кылган иш-аракеттерибиз үчүн жоопкерчилигибиз, жаратмандыкка жана өз ара колдоого умтулуубуз катары кабылдайбыз.

Мамлекет бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, аялдарды, балдарды жана аялуу топторду коргоо, басмырлоого каршы күрөшүү боюнча чараларды ырааттуу түрдө ишке ашырып келет. Биз мамлекеттин, коомчулуктун жана үй-бүлөнүн биргелешкен аракеттери менен гана күчтүү, адилеттүү жана өнүккөн жаңы Кыргызстанды кура алабыз.

Урматтуу замандаштар!

Мына ушундай маанилүү күндө мекендештеримди ар бир жарандын адамдык ар-намысын, кадыр-баркын, көп түрдүү пикирлерин жана элибиздин руханий жана маданий баалуулуктарын урматтоого чакырам. Адам укуктарын коргоо, жарандарды социалдык же башка абалына карабастан, алардын бардыгына сый-урмат көрсөтүү – өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, коопсуздугуна жана балдарыбыздын жаркын келечегине негизги салым болуп эсептелет.

Ар бир кыргызстандыкка чың ден соолук, тынчтык, бакубаттуулук жана эртеңки келечекке ишенимдүүлүктү каалайм.
Коомубузда ар дайым адилеттүүлүк, өз ара урматтоого таянган ынтымак жана шайкештик өкүм сүрсүн!”

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Гүлмайрам Сабирбекова

Гүлмайрам Сабирбекова

Окшош

«Адамдын шорун катырып, мүлктөрүн тартып алышат». Ташиев Бишкектеги күрөөканалар текшерүүгө буйрук берди

«Адамдын шорун катырып, мүлктөрүн тартып алышат». Ташиев Бишкектеги күрөөканалар текшерүүгө буйрук берди

Автор Гүлжамал Абылкасымова
15:37 19.01.2026
0

2026-жылдын 19-январында УКМК төрагасы К.Ташиев КР жараны С.М.ге карата козголгон кылмыш иши боюнча жабырлануучу деп таанылган жарандар менен жолугушту. УКМКнын...

«Путь в жизнь» реабилитациялык борбордогу жарандар кыйноого алынганы ачыкталды

«Путь в жизнь» реабилитациялык борбордогу жарандар кыйноого алынганы ачыкталды

Автор Гүлжамал Абылкасымова
15:32 19.01.2026
0

“Путь в жизнь” реабилитациялык борборунун мыйзамсыз иштөөсүнө байланыштуу бир катар жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты. «Путь в жизнь» реабилитациялык...

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштыруунун убактысы узартылды

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштыруунун убактысы узартылды

Автор Гүлжамал Абылкасымова
13:28 19.01.2026
0

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштыруунун убактысы узартылды. Айдоочулардын көп болуп жатканына байланыштуу аталган акциянын чегин алып салышкан. Азырынча кайсы датага чейин...

Ошто 17 магнит жутуп алган  2 жаштагы балага ийгиликтүү операция  жасалды

Ошто 17 магнит жутуп алган 2 жаштагы балага ийгиликтүү операция жасалды

Автор Айзада Тураркулова
12:59 17.01.2026
5

Ошто 2 жашар бейтап магниттик оюнчуктун 17 даанасын жутуп алган. Бул тууралуу Ош облусттар аралык балдар клиникалык ооруканасынан билдиришти. Маалыматка...

Мэрия:  «Окуучуга кол көтөргөн мугалим жумуштан кетти»

Мэрия: «Окуучуга кол көтөргөн мугалим жумуштан кетти»

Автор Айзада Тураркулова
09:26 17.01.2026
0

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти №87-мектепте мугалим окуучуну урган окуя боюнча текшерүүнү аяктаганын билдирди. Окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштыруунун убактысы узартылды

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштыруунун убактысы узартылды

13:28 19.01.2026
«Адамдын шорун катырып, мүлктөрүн тартып алышат». Ташиев Бишкектеги күрөөканалар текшерүүгө буйрук берди

"Адамдын шорун катырып, мүлктөрүн тартып алышат". Ташиев Бишкектеги күрөөканалар текшерүүгө буйрук берди

15:37 19.01.2026
«Путь в жизнь» реабилитациялык борбордогу жарандар кыйноого алынганы ачыкталды

"Путь в жизнь" реабилитациялык борбордогу жарандар кыйноого алынганы ачыкталды

15:32 19.01.2026
«Адамдын шорун катырып, мүлктөрүн тартып алышат». Ташиев Бишкектеги күрөөканалар текшерүүгө буйрук берди

"Адамдын шорун катырып, мүлктөрүн тартып алышат". Ташиев Бишкектеги күрөөканалар текшерүүгө буйрук берди

15:37 19.01.2026
«Путь в жизнь» реабилитациялык борбордогу жарандар кыйноого алынганы ачыкталды

"Путь в жизнь" реабилитациялык борбордогу жарандар кыйноого алынганы ачыкталды

15:32 19.01.2026
Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштыруунун убактысы узартылды

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштыруунун убактысы узартылды

13:28 19.01.2026

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Дек    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү