Бейшемби, 16.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Садыр Жапаров жана Айгүл Жапарова Нарында Нооруз майрамына катышышты

11:40 21.03.2026
0
Садыр Жапаров жана Айгүл Жапарова Нарында Нооруз майрамына катышышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта Нарын шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына катышты. Иш-чаранын башталышына чейин мамлекет башчысы жана биринчи айым Айгүл Жапарова кыргыз элинин бай маданий мурасын чагылдырган боз үй инсталляциясын көрүштү.

Экспозиция төрт боз үйдөн туруп, алардын ар бири улуттук маданияттын өзүнчө бир аспектисин чагылдырды. Биринде салттуу колдонмо искусствонун түрлөрүн көрсөткөн элдик усталар тааныштырылды. Экинчисинде манасчылар “Манас” эпосунан үзүндү аткарышты. Өзүнчө бир боз үй салттардын уланмалуулугун жана элдин биримдигин символдоштурган сүмөлөктүн ачылыш аземине жана андан даам татуу жөрөлгөсүнө арналды.

Концерттик программанын алкагында Нооруз майрамынын маанисин жана рухун ачып берген пролог тартууланды. Көркөм-символикалык формада жаратылыштын образдары, күн менен түндүн алмашуусу, жердин ойгонушу, ошондой эле Умай эне менен Баба дыйкандын образдары аркылуу майрамдын башаты, тазалануу, жаңылануу, береке жана муундардын уланмалуулугу идеялары көрсөтүлдү. Андан соң мамлекет башчысы куттуктоо сөзүн сүйлөп, мамлекеттик майрамдарды өлкөнүн аймактарында өткөрүү элдин биримдигине өбөлгө түзгөн жакшы салт болуп калганын белгиледи.

Быйыл Нооруз майрамы өлкөнүн тарыхый жана руханий мааниси бар аймактарынын бири болгон Нарын шаарында өтүүдө. Мамлекет башчысы кыргызстандыктарды, чет өлкөдөгү мекендештерди, ошондой эле дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн Нооруз майрамы менен куттуктап, баарына тынчтык, бакубатчылык, ынтымак жана биримдик каалады.

Иш-чара концерттик программа менен уланды. Көрүүчүлөргө Нарын облусунун кооздугун, тарыхый мурасын, маданий баалуулуктарын жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн символдорун чагылдырган театралдаштырылган композиция тартууланды. Сахналаштырууда өлкөнүн жаралуу, өнүгүү жана күч-кубатынын жалпы идеясы менен бириктирилген музыкалык, хореографиялык жана визуалдык элементтер колдонулду.

 

1 / 7
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:52 16.04.2026
0

Кечээ, 15-апрелде Бишкек шаарынын ЖЭБнин базасында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиевдин төрагалыгы алдында...

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:04 15.04.2026
1

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча: учурда тоннелдерди казуу жана инфраструктураны даярдоо иштери жүрүүдө. Инфраструктура жаатында: убактылуу...

Кожомкул атындагы Спорт сарайында жаңы бассейн курулат

Кожомкул атындагы Спорт сарайында жаңы бассейн курулат

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:40 15.04.2026
0

Көчмө жыйындын алкагында калаа башчысы Кожомкул атындагы Спорт сарайынын аймагындагы демонтаж иштерин көрүп чыкты. Бул жерде жаңы бассейн куруу пландалууда....

Нарындагы окуучунун өлүмү боюнча завуч кармалды

Нарындагы окуучунун өлүмү боюнча директорго катуу сөгүш берилди

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:36 15.04.2026
0

Нарын районунун Ийри-Суу айылында жайгашкан М.Байдөөлөтов атындагы мектептин 7-классынын окуучусу А.Э.Э.нин өз өмүрүнө кол салганы тууралуу маалыматтын негизинде Нарын шаардык...

Токмок шаарында мыйзамсыз көчмө зоопарк аныкталды

Токмок шаарында мыйзамсыз көчмө зоопарк аныкталды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:32 15.04.2026
0

13-апрелде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Биоресурстарды контролдоо бөлүмү жана Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан биргелешкен рейд жүргүзүлдү. Иш-чарага «Бугу эне»...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Мурдагы тышкы иштер министринин иши боюнча жаңы фактылар аныкталды

Мурдагы тышкы иштер министринин иши боюнча жаңы фактылар аныкталды

14:48 15.04.2026
Садыр Жапаров: «Быйылкы жылы Кара-Кулжада 40 чакырым жолду оңдоп-түзөө мерчемделген»

Садыр Жапаров: "Быйылкы жылы Кара-Кулжада 40 чакырым жолду оңдоп-түзөө мерчемделген"

15:55 15.04.2026
КФБ президентинин кызматына талапкерлер көрсөтүлбөгөндүктөн, шайлоо өткөрүлгөн жок

КФБ президентинин кызматына талапкерлер көрсөтүлбөгөндүктөн, шайлоо өткөрүлгөн жок

15:27 15.04.2026
Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

09:52 16.04.2026
Маматалиев Астанадагы негизги көчөлөрдүн бирине Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну сунуштады

Маматалиев Астанадагы негизги көчөлөрдүн бирине Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну сунуштады

09:43 16.04.2026
Өзгөн районунда 108 айылдын 51 айылы таза суу менен камсыздалган

Өзгөн районунда 108 айылдын 51 айылы таза суу менен камсыздалган

16:17 15.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү