Социалдык тармакта 16 жаштагы Бегимай аттуу улакчы кыз кызуу талкууга алынып жатат. Ал келечекте көк бөрү боюнча кыздар командасы ачылып калса, анын курамында ойноону тилек кылып, Манас Ниязовго жолугууну кыялданат. Бир эле Бегимай эмес, бүтүндөй үй-бүлөсү менен улакчы болгондордун кызыктуу маегин видеодон көрүңүз.
«Мен 2009-жылы төрөлгөм. Улакка быйыл эле кызыгып баштадым. Буга чейин ат чабышка кызыгуум бар болчу. Кичинекей кезимде байкем ат мингенди үйрөткөн. Анткени байкеме ат үйрөткөнгө аттарын таштап кетишчү. Бирок көп өтпөй атын алып кетип калышканынан башка хобби таап алгам. 2 жылдан бери ат чаап үйрөнүп жүрөм. Атка болгон кызыгуум 11-12 жашымда башталган. Башында ата-энем «сен кызсың, эмне бар?» дешчү. Мен айтпай кетип калчумун. Андан кийин атам кызыгууң бар болсо, мейли деп жанына ала баштады», — деди ал.
Анын айтымында, чоң улак тартыштар болгондо оюнга кошулбайт. «1 жыл аралыгында бир да жаракат алган эмесмин. Базарга барып ат тандайбыз. Ошондо айрымдар «сен кызсың, ат минбей үйдө отурушуң керек» дегендер болду. «Мен түнү менен көчөдө жүрбөй элем. Ат минип жүргөнүм жакшы го» десем акшыя карап калышат», — деди ал.