Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнө Ош облустар аралык ооруканадан келип түшкөн кабарга караганда, 29-август күнү саат 18:10 чамасында Ош шаарына караштуу дачалардын биринин тургуну, 2023-жылы туулган наристе оорукананын күйүк-жараат бөлүмүндө денеси күйүктөн дарыланып жатып каза болуп калган. Аталган факты ошол күнү катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.
Окуя боюнча ыкчам-тергөө тобу барып, кароо жүргүзүп, тийиштүү материалдар жыйналган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө маркум 2023-жылы туулган бала экендиги аныкталып, 14-август күнү саат 17:00 чамасында Ноокат районуна караштуу Өсөр айылында жашаган эжесинин үйүнө конок болуп барышкан. Үй ээси конокторго атап ток печкеге шорпо асып койгон. Ошол учурда, маркум бала өзүнөн чоң 3 жаштагы бир тууган эжеси менен кубалашып ойноп жатып, ошол кайнап жаткан шорпого чалынып жыгылып түшүп, ысык шорпого денесинин көп бөлүгү денеси күйүп калган.
Ошол эле замат Ноокат райондук оруканасына кайрылып, абалы оорлошкону үчүн 16-август күнү Ош облустар аралык ооруканасынын күйүк-жараат бөлүмүнө келип, ал жерде дарыланып жатып, бирок денесиндеги күйүп калган жаракаты оор болгондуктан, 29-август күнү каза болуп калган. Маркумдун ата-энеси жана жакын туугандары эч кимге эч кандай арыз доолору жок экендигин айтыщып, денесин соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан. Ал эми азыркы учурда бул факты боюнча кошумча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.