Уланбек Асанов Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Социалдык фонддун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда белгилүү болду.
Жаңы жетекчи «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун кароону кийинкиге калтырууну суранды. «Бул кызматка жаңы келгендигиме байланыштуу, бул маселени кылдаттык менен изилдеп чыгууга убакыт керек», — деди ал.
Комитет мыйзам долбоорун кароону кийинкиге калтырды.










