SUPERTV’нын оромо саткан кичинекей каарманы дайынсыз болуп жатат

2022-жылдын февраль айында SUPERTV телеканалы оромо сатып, үй-бүлөсүнө жардам берген Данияр аттуу ал кезде 12 жаштагы бала тууралуу видео тартканбыз. Дал ошол каарманыбыздын апасы Гүлмира Мукамбетова жакында эле биздин редакцияга чалып, уулунун дайынсыз жоголгонун айтып, маалыматтык колдоо сурады. Мукамбетова уулун көргөн-билгендер болсо милицияга кабар берүүнү суранат.

Ал 19-октябрь күнү үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылып барган эмес. «2 жыл мурун тартылганбыз. Уулум тамак сатып, элге таанылган. Учурда балам үйдө жок болуп жатат. Телефон да чалбай жатат. Бул биринчиси эмес. Сентябрь айында да кетип калган. Анда да 15 күн жок болуп, табылган. Октябрь РИИБге кайрылдык. Буга чейин такыр жок болуп кеткени болгон эмес. Чалып, айтып турчу. Элдер «балаңыз акча сурап жүрөт» дешти. Бирок ал акчаны үйгө алып келбейт. «Манас» аэропорту жактан табылган. Келгенде урушкан деле эмеспиз. Кызым чарчап калгандан бери 2 жыл өттү. Ошондон бери тамак жасабай элем. Уулум элге аралашып көнүп калып, балким үйдө отура албай жатабы деп ойлойм. Кызым 9 айлык кезинде чарчап калды. Ал учур мага өтө оор болду. Колуңдагы баланы жоготуш өтө оор экен. Ошол учурда Даниярга жакшы көңүл бурулбай калдыбы деп ойлойм. Ошондон улам баламдыкы күчөп кетти»,- деди апасы.