Жума, 29.03.2024
Бишкек booked.net
+19...+31° C

Суу жөнүндө сиз билбеген 25 факты

Суу жөнүндө биз билбеген 25 фактыны Бишкек мэриясы атап көрсөттү.

1. Суу – жер бетиндеги жападан жалгыз зат, ал жаратылышта үч түрдө болот: суюк, газ, катуу.
2. Адам тамаксыз бир айдан ашык жашай алат, бирок суусуз — бир жумадан ашык эмес.
3. Жердин 97 пайызын океандар жана деңиздер ээлейт жана 3 пайызын гана таза суу түзөт.
4. Жердеги бардык суунун 1 пайызын алдын ала тазалоосуз ичүүгө болот.
5. Дүйнөдөгү суунун 1,7 пайызы тоңуп калган, ошондуктан колдонууга жараксыз.
6. Суу башка суюктуктарга караганда ар түрдүү заттарды — атүгүл күкүрт кислотасын да эритет.
7. Төрт адамдан турган үй-бүлөнүн бир күндүк тамак-ашын өстүрүү үчүн орточо эсеп менен 30 913 литр суу керектелет.
8. 780 миллион адам ичүүчү суунун нормалдуу булактарына жетпейт.
9. Дүйнө жүзү боюнча саат сайын 200 бала ичүүгө болбой турган суудан өлөт.
10. Медуза да, бадыраң да 95 пайызы суудан турат.
11. Адамдын мээсинин 70 пайызы суудан турат.
12. Дүйнөдөгү бардык оорулардын 80 пайызы сууга байланыштуу.
13. Алгачкы 6 айында балдар чоңдорго караганда бир салмак бирдигине сууну 7 эсе көп керектешет.
14. 1 тонна болот өндүрүү үчүн 300 тонна суу керектелет.
15. Биздин дене күн сайын дем алуудан 237 миллилитр суу жоготот.
16. Биздин заманга чейинки 3000-жылдан 2012-жылга чейин 265 суу чатагы катталган.
17. Жер жүзүндөгү бардык суулар 4 литрлик кумурага батат деп элестетсек, анда ичүүгө ылайыктуу суунун көлөмү бир гана аш кашыкка барабар болот.
18. Суу жердин температурасын жөнгө салат.
19. 100 жыл бою суу молекуласы океанда 98 жыл, муз катмарынын түзүлүшүндө 20 ай, көлдөр менен дарыяларда 2 жумадай, атмосферада бир жумадан аз убакыт өткөрөт.
20. Крандан секундасына 1 тамчы ылдамдыкта суу тамчылап акса, жылына 13638 литрден ашык ысырап болот.
21. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, 2025-жылга карата дүйнө калкынын 2/3 бөлүгү суу тартыштыгына туш болот.
22. 1 литр сүт алуу үчүн 1000 литр суу керектелет.
23. Планетага азык-түлүк өндүрүү үчүн секундасына 200 миллион литр керектелет.
24. 1 кебез футболка 25 ванна көлөмүнө барабар өндүрүш үчүн колдонулган сууну камтыйт.
25. Жер шарынын калкынын 85 пайызы планетанын кургак аймактарында жашайт.

Окшош

Комментарий кошуу

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

АРХИВ

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.