Жекшемби, 14.12.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Суучул: «Кичинекей баланын сөөгүн тапканда суу астында ыйлагам. Анткени мен да атамын»

16:33 22.07.2025
0
Суучул: «Кичинекей баланын сөөгүн тапканда суу астында ыйлагам. Анткени мен да атамын»

ӨКМге караштуу Терең суу шайма-шай бекетинин суучулу Искендер Рысалинов суучул кесиби тууралуу кеңири маек куруп берди.

“2-3 жыл мурда Аламүдүн капчыгайындагы шар суунун жээгинде селфи жасап жатып, агып кеткен кызды издедик. Аны издеп таштан-ташка тийип, суунун шары менен кошо актык. Арасында мен да бар элем. Мындай окуялар көп эле кездешет. Ал эми Нарын суусу секундасына 10 метр ылдамдыкта агып, кайыкты 3-4 жолу аласалдырып жиберүүгө күчү жетет. Элестетиңиз, мындай сууга кирген суучулдун өмүрү кылдын учунда экенин”, — деп кебин баштады ал. 
«Суучулдун өмүрүндө аркан менен аскадан сууга түшкөн көз ирмемдер көп кездешет. Жардын, асканын башынан шар аккан сууга түшүп жатканда арканың кыпчылып, бир нече убакыт асылып да каласың. Ошондо өмүрдүн таттуулугу, баркы сезилет. Эгерде суучул шар аккан сууда издөө ишинде каза болуп калса, өзү күнөөлүү деп табылат. Анткени эрежеге ылайык, суунун агуу ылдамдыгы секундасына 2 метр болсо, сууга кирүүгө болбостугу ачык жана так жазылган. Айла жок, жардамга муктаж болуп, каржалып турган ата-энесин, туугандарын түшүнбөй койбойсуң. Анан кыштын кыраан чилдесинде агын сууга киребиз. А жакын адамын издегендер ызага муунуп, ичи ачышып “издегенди билбейсиң, өзүм издейм” деп ачуу сөздөрдү айтып, шар аккан сууга кирүүгө, ажалга моюн сунууга даяр абалда турушат.

Мусулманчылыкта адамдын жүзү жок, жаназасы окулбайт эмеспи. Адамдын сөөгүн таап бергендин өзү соопчулук экен. Анткени, анын жерге берилип жатканына себепкербиз. Мен үчүн суудан баланын сөөгүн табуу, аны алып чыгуу өтө оор. Элестетиңиз, жээкте баланын ата-энеси, жакын туугандары күтүп турат. Алардын ошол учурдагы абалы көз алдыңда. Баланын сөөгүн тапканыбызда жээкке алып чыга албай, суу астында ыйлаган күндөрүм болду. Анткени мен да атамын. Кырсык, өлүм кары-жашка карабайт экен. Өзгөчө жайкысын бирин-бири куткарам деп кучакташкан бойдон чөгүп кеткен балдар, өспүрүмдөр көп кездешет. Урматтуу ата-энелер, балдарды сууда сүзүүгө үйрөтүңүздөр дегим келет»,- деди ал.

«Бир жолу беш жашар кыздын сөөгүн издеп, Чоң Чүй каналына кирдик. Суу түбүнөн баланын денеси сыяктуу жумшак бир нерсе бутума илинди. Келме келтирип, алып чыксам уйдун башы экен. Адамзаттын жаратылышка, сууга орой мамиле жасаганын көрүп, жүрөгүң ооруйт. “Суу сыйлаган зор болоор, суу кордогон кор болоор” деген саптарды эч эсибизден чыгарбайлы! Анткени бир күнү сууга кор болорубузду унутпаңыз. Өзгөчө Чоң Чүй каналынын жээгиндеги үйлөрдүн жашоочулары курулуш жана башка таштандыларын, тамак-аш калдыктарын мүшөктөргө салып ыргытып жиберишет. Кээде малдын териси, кой, чочконун өлүгү да бутуңа илинет. Ал тургай, эти шылынган малдын сөөгүн унаа менен каналдын суусуна төгүп салышканын көрдүм. Дал ушундай таштандыларды көрбөгөн шаар тургундары жайкысын ЧЧКга түшүп, эс алышат. Мындай таштандыга толгон сууга түшүү адамдын ден соолугуна зыянын тийгизбейт деп ким кепилдик бере алат? Айтайын дегеним, көп учурда таштанды топтолгон жерге адамдын сөөгү кептелип, үйүлгөн таштандынын астынан алып чыккан күнүбүз болду. Суу түбүндөгү жип-шуулар, таштандылар адамдын суудан чыгуусуна бир топ эле тоскоолдук жаратат эмеспи»,- деди ал.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Түркияда кармалган мугалим Кыргызстанга келди

Түркияда кармалган мугалим Кыргызстанга келди

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
18:26 13.12.2025
0

Түркияда кармалган Азамат Нурмат уулу Кыргызстанга кайтарылды. Кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу Түркиядан мекенине кайтып келгени, үй-бүлөсү менен учурашкан видео...

17-декабрда депутаттар ант берип, Жогорку Кеңеш өз ишин баштайт

17-декабрда депутаттар ант берип, Жогорку Кеңеш өз ишин баштайт

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
12:20 12.12.2025
0

8-чакырылыш өз ишин 17-декабрда баштайт. Жаңы шайланган депутаттар мандат алып, ант беришет. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров бүгүнкү жыйында...

“50 жылдан бери оңдоодон өткөн эмес”. Курулуш министрлигине жаңы департамент кошулду

“50 жылдан бери оңдоодон өткөн эмес”. Курулуш министрлигине жаңы департамент кошулду

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
12:10 12.12.2025
0

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин түзүмүнө жаңыдан киргизилген Инженердик изилдөөлөр департаментинин 50 жылдан бери эскирип калган имараты толук...

Садыр Жапаров Түркмөнстанга эмне үчүн барды?

Садыр Жапаров Түркмөнстанга эмне үчүн барды?

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
11:12 12.12.2025
0

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ашхабад шаарына кечээ, 11-декабрда барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Мамлекет башчысын Түркмөнстандын Халк...

Жакынкы сааттарда Бишкекте катуу шамал күтүлөт

Жакынкы сааттарда Бишкекте катуу шамал күтүлөт

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
10:51 12.12.2025
0

Жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында, ошондой эле Чүй өрөөнүндө катуу шамал катталат. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты. Чыгыштан...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Түркияда кармалган мугалим Кыргызстанга келди

Түркияда кармалган мугалим Кыргызстанга келди

18:26 13.12.2025
Түркияда кармалган мугалим Кыргызстанга келди

Түркияда кармалган мугалим Кыргызстанга келди

18:26 13.12.2025

АРХИВ

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
« Ноя    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү