Кечээ, 3-июль күнү саат болжол менен 20:00 чамасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери кызмат өтөп жаткан учурда Сузак районунун Кызыл-Жар айылында жолдун ортосунда 9–10 айлык ымыркайды колуна көтөрүп чуркап бараткан жаранды байкап калышкан.
Ал кол жаңсап, кызматкерлерди токтотуп жардам сураган. Анын айтымында, баласы эс-учун жоготуп, Тез жардам кызматы кечигип жаткандыктан, көчөдөн унаа токтотууга аракет кылган, бирок эч ким токтогон эмес.
Кызматкерлер дароо жаранды ымыркайы менен кызматтык унаага салып, райондук ооруканага алып жөнөшкөн. Райондун борбордук көчөлөрү оңдоо иштерине байланыштуу жабык болгондуктан, ички көчөлөрдө унаа тыгыны пайда болгон. Ошого карабастан, кызматтык унаанын сиренасын колдонуп, ымыркайды тез арада ооруканага жеткиришкен.
Дарыгерлердин айтымында, өз убагында жеткирилгендиктен ымыркайдын абалы учурда туруктуу.
Посмотреть эту публикацию в Instagram