Сузак районунда 2024-жылдын 9 айында эрте никеге туруу боюнча 23 учур катталган. Анын 21и тергөө учурунда кыскартылып, 2 иш боюнча тергөө амалдары улантылууда. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун жетекчиси Жамиля Жаманбаева билдирди.
Маалыматка ылайык, калган 18 факт боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Акыйкатчы институту пилоттук долбоор катарында Сузак районунда окуучу кыздардын никеге туруусун алдын алуу максатында мониторинг жүргүздү. Мындай мониторингдер өлкөнүн башка облустарында да жүргүзүлөт.
Сузак районунун төрөт үйүнүн билдирүүсүндө, 2023-жылдын 9 айында 14 жашы жете элек кыз көз жарган. Ал эми, 2024-жылдын 9 айында Сузак районунда 5 өспүрүм кыз төрөгөн.
«Жалпы республика боюнча 2023-жылы 15-17 жашка чейинки 310 кыз көз жарган. Баткен облусунда 15-17 жашка чейинки 6 кыз көз жарса, Ош облусу боюнча 23 кыз, Ош шаарында 6 өспүрүм төрөгөн. Ысык-Көл облусунда 13, Нарында 8, Таласта 11, Чүйдө 60 жашы жете элек кыздар көз жарса, Бишкек шаарында жашы жете элек 56 кыз төрөгөн. 2024-жылдын маалыматтары Саламаттыкты сактоо министрлигинен жооп күтүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.
Акыйкатчы кыздардын укуктарын сактоо боюнча чараларды күчөтүүнү, жашы жете элек кыздарды расмий жана диний никеге каттоого жол бербөөгө чакырды.