Кечээ, 23-декабрда Сүлүктү шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык балатынын отун жандыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров соцтармактагы баракчасында жазды.
Ал өз сөзүндө жаңы жыл шаар үчүн ийгиликтерге жана өнүгүүлөргө толо болорун тилеп, ар бир үй-бүлөгө тынчтык жана бакубат жашоо каалады. «Иш-чаранын алкагында Маданият бөлүмү тарабынан уюштурулган концерттик программа да көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Белгилүү ырчы Самара Каримованын сахнага чыгышы өзгөчө кызыгуу жаратып, кече меймандар үчүн унутулгус белек болду», — деп жазылат маалыматта.
Былтыр социалдык тармактарда Сүлүктү шаарынын балатысынын сүрөтү тарап, талкуу жараткан шаар мэри Болот Абдыжапаров сүрөт балаты жасалып бүтө электе тартылганын жазган.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ЦУМдун жанында курулуп жаткан имараттын үчүнчү кабатын буздурууну тапшырды. Мэр УКМК төрагасына долбоор боюнча имарат эки...
6-декабрда саат 23:00 чамасында кызмат өтөп жүргөн Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын патрулдук экипажына Ала-Тоо конушундагы Иманалиев көчөсүнөн жаран «балабыз дем...
Бүгүн, 8-декабрда саат 12:50дөн тарта Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда (Сосновка постунан) оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди....
Бүгүн, 8-декабрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин абалы...
Социалдык тармактарда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин ЦУМ жактагы курулушка барган видеосу тарады. Төрагасы Old Bishkek долбоорунун жетекчиси Нариман Түлеевге "Сиздин...