УКМК Сүлүктү шаарындагы жалпы аянты 1,4 гектар болгон мурдагы эт комбинатын мамлекетке кайтарып берди, ал 2000-жылы мыйзамсыз менчиктештирилген. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, азыркы ээси өз ыктыяры менен заводдун аймагын Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берди.








