Милиция Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынан өтүүчү кичи Талас каналына барып, сууга чөгүп кетпөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Талас ОИИБден билдиришти.
«Бакай-Атада дайыма милициянын көчмө кабылдамасы менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, табличкаларды, эскертүүлөрдү илип турушат», — дешти облустук милициядан.
- ӨКМга Талас каналына 24-июнда 14 жана 13 жаштагы 2 кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. 25-июнда саат 08:30 чамасында изделип жаткан 2 кыздын бирөөсүнүн жансыз денеси жергиликтүү тургундар тарабынан табылган. Ал эми 2009-жылы туулган кызды кечинде саат 17:30 чамасында жергиликтүү тургундар Миң-Булак айылынан табышкан. 25-июнда алар жерге берилген.