Кечээ, 23-октябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусундагы жумушчу сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда төрага быйыл мамлекеттин ички көйгөйлөрү чечиле баштаганын айтты.
«Буга чейин мамлекеттин сырткы маселелери көп болду. Көп кыйынчылыктар болду. Эки мамлекет менен чек ара маселелерин бүтүрдүк. Канча жаңжал-кагылышууларды өттүк. Эми ички көйгөйлөргө жеттик»,- деди ал.









