Ташиев Чечме айылынын тургундары менен жолугушту

Бүгүн, 30-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусундагы Бирлик айылынын эли менен жолугушуп, Өзбекстанда өткөн мамлекеттик чек ара маселеси боюнча биргелешкен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, Сох анклавында талаштуу маселе жок. Ал жактан жөө жүргөн адамдарга, жеңил унааларга жана кичи автобустарга гана өткөнгө уруксат берилди.

«Өзбек тарап сүйлөшүүлөрдүн негизинде Сох тарапка «Кайтпас» өтүүчү постторун ачып, ал жерден жөө адамдарга, жеңил унаага, 20 жүргүнчү бата турган кичи автобустарга уруксат берди. Жүк ташуучу унаа өтпөйт. Ал жерде «сууну берип койду, жолду берип койду, коридор берип койду» деген чагымга эч кандай негиз жок. Болгону баары жөнөкөлөйлөтүлдү. «Коридор» деген сөздү сиздерге көп айтышты. Азыркы бийликти атайын жаман көрсөтүү үчүн маалымат жөнөткөндөргө ишенбегиле. Провокацияга алдырбагыла. Мен кантип эле делегациянын башында туруп бирөөгө жер берип калайын», — деди ал.