Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Токмок шаарына 2290 батирден турган мамлекеттик ипотекалык турак жай комплекси курулуп башталганын социалдык тармактардагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, турак жай комплекси 31 блоктон турат. Көп кабаттуу үйлөр 15 кабаттуу курулуп, комплекс 2 290 батирден турат жана жалпы аянты 184 835,06 чарчы метрди түзөт.
Аталган комплексте төмөнкү социалдык жана инфраструктуралык объекттер мектеп, бала бакчалар, унаа токтотуучу жайларды камтыйт. 7 блоктун биринчи кабаттарында коммерциялык жайлар, бизнес жүргүзүү үчүн аянт бөлүнгөн.
«Бул жаңы комплекс Токмок шаарында жашоочулардын бардык муктаждыктарын эске алып курулат жана шаардык инфраструктураны жакшыртууга өбөлгө болот», — деп жазган Каныбек Туманбаев.