Депутат Айгүл Айдарова бир мугалим босогодо туруп алып эки класска сабак берерин айтып ачууланды. Кеп Баткендеги Жаңы-Бак, Миң-Өрүк айылдарындагы мектептер тууралуу болууда.
Ал элеттердеги мектептерде көңүл бурулбай жатканын белгилеп, маселени чечип берүү үчүн агартуу министрине кайрылды. “Мен барып көрүп XVII кылымды элестеттим, бул уят нерсе! XXI кылымда жашайбыз, мектептерибиз заманбап болушу керек. Европанын мыйзамдарын кабыл алабыз, бирок XIX кылымда жашагандайбыз. Бир мугалим босогодо туруп эки жакка сабак берүү деген — шермендечилик! Мектептер жапыз, менин боюм 170 сантиметр. Эңкейип кирип жаттым, мындайча айтканда, кечирим сурайм, тооккана экен”, — деди депутат.