Бүгүн, 8-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге кезектеги рейддик кыдырууга чыкты.
Бул жолу шаар башчысы Жибек жолу муниципалдык аймак башкармалыгынын жолдорун текшерди. Тагыраак айтканда Айни, 101, Имам-Ата көчөлөрүндө болуп, жеринде тиешелүү кызматтарга тротуарларды ачуу, мыйзамсыз курулуштарды буздуруу, тосмолорду алып салуу, ирригациялык тармактарды орнотуу жана имараттардын сырткы көрүнүшүн жаңылоо боюнча.
Жеңишбек Токторбаев кызыл сызыктан чыгып кеткен кыймылсыз мүлк ээлерине жолугуп, эскертүүлөрдү берди. «Айрым жерлер 4-5 метр кызыл сызыктан чыгып кетишкен. Аларды бузуп, тротуарларды салып, жарыктандыруу берип, отургучтарды коюп адам суктана турган кылыш керек. Жашылдандырып койсок, эл эс ала турган жайга айланат, ыраазы болушат», — деди мэр муниципиалдык кызматтын жетекчилерине кайрылып.