Азамат Кожомкулов «Түндүк электр» ААКтын башкы директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.
Мындай чечимди директорлор кеңеши 2021-жылдын 23-ноябрында кабыл алган. Кожомкулов бул кызматка компаниянын директорлор кеңеши тарабынан 2021-жылдын 18-августунда дайындалган.
Ал эми анын ордуна Нурдин Осмонов башкы директор болуп дайындалды.